Неге сени сүйдүм ай

Сөзү : Ч.Сатаевдики
Обону : Ч.Сатаевдики
Сен мени салдың жаным неге кайгыга?
Мен сенден калдым минтип айрыла.
Бирге жүрүп жок болдуң,
 ичте күйгөн чок болдуң,
Кайда кеттиң капырай,
 эс учумдан тандыра ай...
А күйдүм, а күйдүм ай,
Неге эле сени сүйдүм ай?
Сүйдүм, сүйдүм, сүйдүм ай,
Неге эле сен деп жүрдүм ай?
Жүронүң эле элден такыр башкача,
Күлгөнүң тунук эле таптаза.
Эңсебеске арга жок,
 эңсегенде пайда жок,
Эмне кылам капырай,
 сыртым жалын ичим чок.
А күйдүм, а күйдүм ай,
Неге эле сени сүйдүм ай?
Сүйдүм, сүйдүм, сүйдүм ай,
Неге эле сен деп жүрдүм ай?
Сен мени салдың жаным неге кайгыга?
Мен сенден калдым минтип айрыла.
Бирге жүрүп жок болдуң,
ичте күйгөн чок болдуң,
Кайда кеттиң капырай,
эс учумдан тандыра ай...
А күйдүм, а күйдүм ай,
Неге эле сени сүйдүм ай?
Сүйдүм, сүйдүм, сүйдүм ай,
Неге эле сен деп жүрдүм ай?
А күйдүм, а күйдүм ай,
Неге эле сени сүйдүм ай?
Сүйдүм, сүйдүм, сүйдүм ай,
Неге эле сен деп жүрдүм ай?
📥 下载LRC歌词 📄 下载TXT歌词

支持卡拉OK同步显示,可用记事本编辑