Ой тобо

歌手: Куралбек Чокоев • 专辑:Карай берем • 发布时间:2017-05-04
作曲 : Элдики
Ой, тобо
Сөзү: Элдики
Обону: Элдики
Жагалмай деген жапан куш,
Жар ташка барып конгон жок.
Жарпымды жазар тең курбум,
Ой, тобо, жана, жана
Жайлообуз бирге болгон жок.
Кыргыек деген кыраан куш,
Кыр ташка барып конгон жок.
Кылыкташ менин тең курбум,
Ой, тобо, жана, жана
Кыштообуз бирге болгон жок.
Агарып аткан таң менен,
Аркарлар оттойт кумайда.
Алыска кетип калат деп,
Ой, тобо, жана, жана
Асылкеч курбум, муңайба.
Ой, тобо, жана, жана
Асылкеч курбум, муңайба.
Курбум, муңайба!
Курбум, муңайба!
📥 下载LRC歌词 📄 下载TXT歌词

支持卡拉OK同步显示,可用记事本编辑