Тагдырым

歌手: Мирбек Атабеков • 专辑:Ата Мекеним • 发布时间:2016-05-01
作词 : Мирбек Атабеков
作曲 : Мирбек Атабеков
Элесиң көз алдымда,
Карагансыйт таарына,
Салып сүйүү зарына мени.
Сүйөрүңдү башканы,
Чындык сенден качканы,
Өкүндүрүп, сыздатты мени.

Алсыраган жүрөгүм сыздап, ыйлады,
Сезимге кайгы толуп,
Неге тагдыр мени кыйнады?

Бакытым белең мага бир келген,
Жалындап жүрөк эңсеген?
Көктөн тилеген күндөрүм менин,
Кеттиби, жаным, сени менен?
Үмүттөр өчпөй, сезимди өрттөй,
Жалгызым, сени кыйбадым,
Тагдырым, неге мени кыйнадың?

Таразасыз тагдырдын таламына батырдың,
Таштак жолго калтырып мени.
Мейли мезгил, жыл өтсүн,
Мейли сенсиз күн өтсүн,
Сүйө берем түбөлүк сени.

Алсыраган жүрөгүм сыздап, ыйлады,
Сезимге кайгы толуп,
Неге тагдыр мени кыйнады?

Бакытым белең мага бир келген,
Жалындап жүрөк эңсеген?
Көктөн тилеген күндөрүм менин,
Кеттиби, жаным, сени менен?
Үмүттөр өчпөй, сезимди өрттөй,
Жалгызым, сени кыйбадым,
Тагдырым, неге мени кыйнадың?
📥 下载LRC歌词 📄 下载TXT歌词

支持卡拉OK同步显示,可用记事本编辑