Kim Bilet

歌手: Жийдеш • 专辑:Kim Bilet • 发布时间:2015-08-22
作词 : Жийдеш Идирисова/Кыялбек Урманбетов
作曲 : Догай Андрей Геннадьевич
Каякта бийик адамдык
Жарыкка неге жаралдык, ким билет?
Жалындап эми жашагын
Жакшылык элге жасадың, күн билет?
(У-у-у хэй)
Жаңы, жаңы, жаңыра
Ырга, нурга жанды бөлөп дайыма жадыра
Дагы, дагы, дагы да
Элге, жерге, күйүп-жанып, сүйүүгө дарыла
(Э-э-э-э ха)

Жайнагыла
Ар бир күн айлангыча майрамыңа
Талбагыла талпынып бакыт кушун кармагыла
(Балаңа мурастай, бактарды кулатпай таягыла)
Көрк кошуп талайыңа
(Жабыкса табигат каяктан табылат аягыла)
Өмүрдөй баалагыла

Уюган алтын оюбуз
Узунбу деги жолубуз ким билет?
Жебедей алга атыла
Кайда барам ашыга түн билет?
(У-у-у хэй)
Жаңы, жаңы, жаңыра
Ырга, нурга жанды бөлөп дайыма жадыра
Дагы, дагы, дагы да
Элге, жерге, күйүп-жанып, сүйүүгө дарыла
(Э-э-э-э ха)

Жайнагыла
Ар бир күн айлангыча майрамыңа
Талбагыла талпынып бакыт кушун кармагыла
(Балаңа мурастай, бактарды кулатпай таягыла)
Көрк кошуп талайыңа
(Жабыкса табигат каяктан табылат аягыла)
Өмүрдөй баалагыла

Кара түнгө батып
Күйүнбөгүн көңүл чөккөн кезинде
Кабагыңды ачып күн жашасын күйүп-жанып сезимде

Жайнагыла
Ар бир күн айлангыча майрамыңа
Талбагыла талпынып бакыт кушун кармагыла

Жайнагыла
Ар бир күн айлангыча майрамыңа
Талбагыла талпынып бакыт кушун кармагыла
(Балаңа мурастай, бактарды кулатпай таягыла)
Көрк кошуп талайыңа
(Жабыкса табигат каяктан табылат аягыла)
Өмүрдөй баалагыла
📥 下载LRC歌词 📄 下载TXT歌词

支持卡拉OK同步显示,可用记事本编辑