Сен менин түшүмсүң

歌手: Талант 60к Айя Садырова • 专辑:Келчи гүлүм • 发布时间:2023-12-15
作词 : Өмүрбек Доолоев
作曲 : Атайбек Бодошев
Өттү мезгил сен өчпөдүң
Сен өчпөдүң көңүлдөн
Жүрөгүмдөн орун алдың
Орун алдың өмүрдөн
Негедир билбейм түштө бирге
Түштө бирге жашайсың
Эске салып күндөрүмдү
Эске салып күндөрүмдү
Эске салып күндөрүмдү көрүнгөн

Өмүр атын миң чуркатып арытпай
Махабатым миң жолугуп кайыптай
Улам бийик, улам ыйык сезилди
Бир кылымдан бир кылымга
Бир кылымдан бир кылымга жарыктай

Издесем да канаттарым
Канаттарым кайрылып
Калсам дагы канча жылдар
Канча жылдар айрылып
Түн өткөрбөй түштө өзүң
түштө өзүң жомоксуң
Каркырадай жазда келген
Каркырадай жазда келген
Каркырадай жазда келген кайрылып

Сөздөрүңдө жөндөмөдөй жөндөлүп
Менде жашап калганына шерденип
Ойгонсом түш, сен барасың жаркырап
Унутуумдан учкан жылдыз
Унутуумдан учкан жылдыз өңдөнүп

Ар бир күнүң сенден мага
Сенден мага гүлдөгү
Сага айланып жашай берем
Жашай берем күндөрдү
Санаамда сен көргөн жакшы
Көргөн жакшы түшүмсүң
Сага айланып жашай берем
Сага айланып жашай берем
Сага айланып жашай берем
Сага айланып жашай берем
Сага айланып жашай берем түндөрдү

Бир ыр болуп кайталанып, күүлөнүп
Ойлорума күнү-түнү ширелип
Сезимимдин күнүндөйсүң жаркытып
Өмүрүмдү өзүңө сен
Өмүрүмдү өзүңө сен имерип
Бир кылымдан бир кылымга
Бир кылымдан бир кылымга жарыктай
📥 下载LRC歌词 📄 下载TXT歌词

支持卡拉OK同步显示,可用记事本编辑