Менин кызым

歌手: Айя Садырова • 专辑:Менин кызым • 发布时间:2023-12-15
作词 : Тимур Салиев
作曲 : Айя Садырова
Бакыттын босогосун аттап бүгүн
Башыңа жоолук салды кызым жүгүн
Ата энеңдин батасын алып анан
Турмуштун чоң жолуна жөнөөр күнүң
Турмуштун чоң жолуна жөнөөр күнүң

Кызым
Багың ачылсын
Кызым, менин кызым
Барган жериңде сен бактылуу болуп
Айтылган ак тилек кабыл болсун
Барган жериңде сен бактылуу болгун
Айтылган ак тилек кабыл болсун!

Жаркыган куттуу үйдүн бүлөөсү бол
Жашоодо жакшылыктын күбөөсү бол
Жылмайган ак таңдарды бирге тосуп
Кызым ай ийгиликтин сүрөөсү бол!
Кызым ай ийгиликтин сүрөөсү бол!

Кызым
Багың ачылсын
Кызым менин кызым
Барган жериңде сен бактылуу болуп
Айтылган ак тилек кабыл болсун
Барган жериңде сен бактылуу болгун
Айтылган ак тилек кабыл болсун!

Бийик бол махабатты аруулаган
Басык бол акыл менен сөз улаган
Үлгүлүү үй бүлөөдөн болуп анан
Бабалар санжырасын байырлаган

Кызым
Багың ачылсын
Кызым менин кызым
Барган жериңде сен бактылуу болуп
Айтылган ак тилек кабыл болсун
Барган жериңде сен бактылуу болгун
Айтылган ак тилек кабыл болсун!
📥 下载LRC歌词 📄 下载TXT歌词

支持卡拉OK同步显示,可用记事本编辑