Сүйдүм

歌手: Эльзар Өскөнбаева • 专辑:Сүйдүм • 发布时间:2024-05-31
作词 : Букадича Акимжан
作曲 : Айгүль Алыкулова
Сезимдин эң ыйыгын арнап сүйдүм
Боркулдап болбогонго кайнап сүйдүм
Ашыктык жайын уккан жыйындарда
Ак сөзүм ырга төгүп сайрап сүйдүм

Жанымсың жан теңиме катып сүйдүм
Жыргалды бир өзүңдөн татып сүйдүм
Жыгылган кыядымды жөлөп-таяп
Жыпжылуу ишенимге
Жыпжылуу ишенимге батып сүйдүм

Керемет сезим күчүн туюп сүйдүм
Кебелбес сабыр менен муюп сүйдүм
Кемчилик жан дүйнөмдү жараласа
Кечирип жүрөгүмдү угуп сүйдүм

Жар салып, сезимимди айтып сүйдүм
Кырсыраак мүнөзүмдөн кайтып сүйдүм
Кылымдык күтүүлөрдү күнгө бербей
Кусанын тереңинде
Кусанын тереңинде чалкып сүйдүм!
Кусанын тереңинде
Кусанын тереңинде чалкып сүйдүм!
📥 下载LRC歌词 📄 下载TXT歌词

支持卡拉OK同步显示,可用记事本编辑