Туугандарга

歌手: Эльзар Өскөнбаева • 专辑:Туугандарга • 发布时间:2024-08-02
作词 : Мамадалы Рыспеков
作曲 : Сейитказы Токтошов
Баркына жетер бекенмин
Бир тууган ини, эженин
Сый урмат менен жашайлы
Барыңдын тилейм эсениң
Сый урмат менен жашайлы
Барыңдын тилейм эсениң

Кадыры бийик мен үчүн
Агайың-тууган, акенин
Бир кандан тарап көбөйгөн
Бир боор деп сезе билемин
Бир кандан тарап көбөйгөн
Бир боор деп сезе билемин

Баркыңды билип силердин
Ар убак сыйлап келемин
Бир келген ушул өмүрдө
Аман соо жүрсө дегеним
Бир келген ушул өмүрдө
Аман соо жүрсө дегеним

Дарактай болуп чатырап
Тамырын жайган чачырап
Туугандар каалайм баарыңа
Чын дилден жашоо бакубат
Туугандар каалайм баарыңа
Чын дилден жашоо бакубат
Чын дилден жашоо бакубат
📥 下载LRC歌词 📄 下载TXT歌词

支持卡拉OK同步显示,可用记事本编辑