Дарыгерим

歌手: Калыс Жакыпов • 专辑:Дарыгерим • 发布时间:2025-02-07
作词 : Zarlyk Kambaraliev
作曲 : Abdikul Sagi
Сенсиң ак таңым
Жарыгым менин, жылуу аптабың
Ай болуп түндө шоола чачканым
Издеп тапканым

Ойдон кетпеген
Жылдызым менин колум жетпеген
Жалгызым сени бактым деп келем
Сүйүүм деп келем

Дарыгерим кучагымдан
Узакка чыгара албаймын
Жүрөгүм согуп өзүң деп
Сен учун жаралгандаймын

Түнүм уурдатып
Сен менен күлүп, дайым сырдашып
Өзүңдүн барың мага чын бакыт
Сенсиң кымбатым

Керемет сезим
Ай жарыгында жетелешкеним
Саамайың сылап эркелеткеним
Сүйөмүн сени
📥 下载LRC歌词 📄 下载TXT歌词

支持卡拉OK同步显示,可用记事本编辑