Өмүрлөшүмө

歌手: Аскат Мусабеков Миргүл Асанова • 专辑:Өмүрлөшүмө • 发布时间:2025-03-19
作词 : Kanybek Imanaliev
作曲 : Mairambek Osmonov
Сүйүү кандай керемет күч касиет
Сүйгөн сайын сүйгүң келет канча ирээт
Сен төрөлгөн ушул күнгө ыракмат
Сен жашаган бул дүйнөгө каниет

Таптым сени ажайып кооз гүл көрдүм
Сен болбосоң кызыгы не дүйнөнүн
Аалам толо сүйүү бердиң сен мага
А мен сага кучак толо гүл бердим
А мен сага кучак толо гүл бердим

Таңда көрсөм күн батканча сагынам
Ай жаңырса амандыгың жалынам
Сени менен жер айланып жаткансып
Сүйдүм сени баш айланып баарынан

Таптым сени ажайып кооз гүл көрдүм
Сен болбосоң кызыгы не жүйнөнүн
Аалам толо сүйүү бердиң сен мага
А мен сага кучак толо гүл бердим
А мен сага кучак толо гүл бердим

Бала күттүм бакыт таптым ташылдым
Сени менен сендик болуп кошулдум
Ыйык болсун биздин ушул махабат
Куттуу болсун сен төрөлгөн ушул күн

Таптым сени ажайып кооз гүл көрдүм
Сен болбосоң кызыгы не дүйнөнүн
Аалам толо сүйүү бердиң сен мага
А мен сага кучак толо гүл бердим
А мен сага кучак толо гүл бердим

Таптым сени ажайып кооз гүл көрдүм
Сен болбосоң кызыгы не дүйнөнүн
Аалам толо сүйүү бердиң сен мага
А мен сага кучак толо гүл бердим
А мен сага кучак толо гүл бердим
📥 下载LRC歌词 📄 下载TXT歌词

支持卡拉OK同步显示,可用记事本编辑